Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Сатыбалдиев Кумтөр сүлөшүүсүнө фракция лидерлери кирүүсүн сунуштады


Кумтөр боюнча инвестор менен сүйлөшүүлөргө парламенттеги фракция башчылары да кирсе болот. Мындай сунушун өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Жогорку Кеңештеги Кумтөр боюнча долбоорду коомдук угууда айтты:

- Баарын парламент чечет, эгер дагы фракция лидерлерин киргизип, сүйлөшүү жүргүзүү зарыл десеңер мен ушуну сунуштайт элем.

Сатыбалдиев сүйлөшүүлөр Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо жана көздөө менен жүргүзүлгөнүн, келишимди токтотуу Кыргызстанга гана зыян алып келээрин айтты. "Ар бир күн биз үчүн маанилүү" деди өкмөт башчы.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйындар залында Кумтөр боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Жакында өкмөт канадалык инвестор "Центерра Голд" менен меморандум кабыл алып, алтын казып алуучу 50/50 үлүштөгү жаңы ишкана түзүү сунушун иштеп чыккан болчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG