Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берилет


Төрт эм төрөлгөн бишкектик үй-бүлөгө мамлекет башчынын атынан бүгүн бир бөлмөлүк батирдин сертификаты жана автоунаа белекке тартууланды. 4-сентябрда Бишкектин тургундары Денис Краснов менен Виола Шелиховская эки кыз, эки уулду болгон. Дарыгерлердин айтымында, азыр ымыркайлардын абалы дурус. Болгону, апасы төрөттөн кийинки депрессия абалында болууда. Бирок, дарыгер Айдарбек Шакиров төрт эм төрөгөн аял үчүн бул мүнөздүү психологиялык абал экенин айтып, абалы кооптуу эмес деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG