Өткөн түнү Токмокто милиция кызматкерлерине ок чыгарган деп шектелген бир нече киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди.
Анын айтымында, кечээ кечинде Токмокто кылмышка шектүү делген жарандарды кармоо үчүн милиция Mersedes үлгүсүндөгү унаанын артынан түшүп айдаган. Анын ичиндегилер милициянын машинасына Калашников автоматынан ок чыгарган. Эч ким жабыркаган жок. Учурда Чүйдө жана Бишкекте "Сирена" жана "Кармап калуу" атайын операциялары жүрүп жатат. (RK)