Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Кыргызстан 21,5 миллион доллар грант алат

Азык-түлүк коопсуздугу үчүн кыргыз өкмөтү АКШдан 21,5 миллион доллар грант алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

27-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушууда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү бул сумма айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программанын алкагында Кыргызстанга бөлүнөрүн билдиришти.

Бюджетти колдоого багытталган “Өнүгүү үчүн колдоо” программасынын экинчи фазасына тиешелүү пункттары ушул жылдын аягына чейин ишке ашырылат. (AKu)
​
XS
SM
MD
LG