Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Грекияда парламенттик партиянын лидерлери камакка алынды


Ашынган оңчул “Алтын шоола” партиясынын лидери Никос Михалолиакоси, парламенттеги эки депутаты жана он мүчөсү камакка алынганын грек полициясы билдирди. Алар кылмыштуу топту түзгөн деп күнөөлөнүүдө. Бул боюнча өкмөт түшүндүрмө бере элек.

17-сентябрда киши колдуу болуп өлгөн солчул активист жана ырчы Павлос Фисасты “Алтын шооланын” мүчөсү тындым кылды деп шектелип жаткан. Бирок партия жетекчилиги ырчы-активисттин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Фисастын өлүмү Афиныда катуу нааразылыктарды жаратып, кагылышуулар менен коштолгон. Түбү неонацисттик “Алтын шоола” партиясы 2012-жылы май айында Грекияда финансылык кризис жана анти-иммигранттык маанай күчөп турган кездеги шайлоодо 18 мандатка ээ болуп, парламентке кирген.

XS
SM
MD
LG