Кечээ Жогорку Кеңеште өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясынын “Кумтөр” боюнча меморандуму тууралуу угуу болду. Анын жыйынтыгында депутаттар талкууланган маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууну чечишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт мүчөлөрү, Жети-Өгүздүн тургундары, жарандык коом жана адистер катышкан угууда жакында жетишилген меморандум тууралуу бир топ сын пикирлер айтылды. Депутат Райкан Төлөгөнов меморандумда Кумтөрдү изилдеген өкмөттүк комиссиянын экологиялык жана башка маселелер тууралуу корутундулары эске алынбай калганын билдирди. Ал эми депутат Жоомарт Сапарбаев канадалык компания менен сүйлөшүүдө кыргыз өкмөтүнө кеңешчи болгон PricewaterhouseCoopers компаниясынын жетекчилиги мурда “Центерра Голддо” иштегенин айтты.
Жети-Өгүздүн өкүлдөрү болсо келишимдеги 50 пайыздык барабар үлүшкө каршы болушту.
Ушул жылы жазда Жогорку Кеңеш өкмөткө “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимди карап чыгуу боюнча тапшырма берген. Өкмөт жакында “Кумтөр” боюнча компания менен меморандумга жетишкен. (AKu)