Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Бишкектин 135 жылдыгын майрамдоо жаштар аллеясында уланууда


Эртең менен Ала-Тоо аянтында башталган шаардын күнүн белгилөө салтанаты ушул тапта борбордогу филармониянын жанында жаштар аллеясында уланып жатат. Ал жерде жапон фестивалы өтүүдө. Шаардыктарга жапондордун 500 жылдык тарыхы бар Бон бийи көрсөтүлүп, каалоочулар үйрөнүп жатышат.

Ал эми шаар күнүнүн аянттагы расмий бөлүгүнө президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана депутаттар катышты.

Андан соң “Аккула” ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулду. Аламан байгеге шаар мэриясы эки унаа койду.

Кечинде “Спартак” стадионунда чет өлкөлүк жана жергиликтүү ырчылардын катышуусунда чоң концерт өтөт. Салтанат фейерверк менен жыйынтыкталат. (UEz/AKu)

XS
SM
MD
LG