Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Бакуда Алиевдин атаандашынын жактоочулары митингге чогулду


Азербайжандын бирдиктүү оппозициясынан президенттикке талапкер Гамил Гасанлынын жактоочулары ишемби күнү Баку шаарында жыйналыш өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, бийлик уруксат берген жыйынга 10 миңдей адам катышты. Бул Гасанлы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө өткөргөн экинчи жыйналыш болду. Полициянын ырасташынча, жыйынга 1 500дей гана адам чогулган.

Азыркы президент Илхам Алиевдин негизги атаандашы эсептелген Гамил Гасанлы өлкөдөгү бир үй-бүлөнүн диктаторлугун токтотуу үчүн өз тарапкерлерин ал үчүн 9-октябрда добуш бергенге үндөдү. Ал Алиевди коррупцияга катыштыгы бар жана казынадан миллиондогон долларды жеп койду деп айыптады.

Митинг катышуучулары “Илхам кызматтан кет”, “Илхам жетишет” деп ураан чакырып жатышты. Тынч жыйын эч кандай калабасы жок аяктады.

Илхам Алиев бийликти 2003-жылы атасы Гейдар Алиевден мурастап алган.

XS
SM
MD
LG