Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Индонезия: 50дөн ашуун бозгун дайынсыз


Индонезиянын жээгинде чөккөн кемедеги 50дөн ашуун бозгундун тирүү табыларына ишенич аз. Деңиздеги катуу толкундан улам индонезиялык жана австралиялык чек арачылар жекшемби күнү издөө иштерин токтотушту. Жума күнү Ява аралынан Австралияны көздөй бараткан кеме чөккөндөн бери анын ичиндеги бозгундардын 28ин гана Индонезия менен Австралиянын чек арачылары деңизден таап куткарган. 21 адам өлгөн, анын жетөө жаш балдар. Расмий билдирүүдө качкындардын көбү Ливан, Ирак жана Ирандын жарандары экени айтылат. Аман калгандар Индонезиянын мигранттарды кармоо борборуна жөнөтүлмөкчү. Индонезия бийликтеринин айтымында, кайыкта кеминде 120 качкын болгон.

XS
SM
MD
LG