Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Кыргызстан АКШдан Бакиевди экстрадициялоого көмөктөшүүнү өтүндү


Бул тууралуу маселени тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугушууда көтөрдү. Жолугушуу 27-октябрда БУУнун Башкы Ассемблясынын жыйынын алкагында өткөнүн ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда Абдылдаев Венди Шермандан учурда Улуу Британияда башкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимди Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Ошондой эле Кыргызстан эки өлкө ортосундагы кылмышкерлерди өткөрүп берүүнү шарттаган келишимге кол коюуга кызыкдар экенин да билдирди.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим учурда Британияда баш калкалап жүрөт. Ал президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеп турганда коррупцияга аралашкан, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзгөн деген айып менен ушул жылдын март айында 25 жылга сыртынан соттолгон. Былтыр АКШ ага баалуу кагаздарга байланыштуу көз боёмочулук кылган деген айып тагып, Британияга экстрадициялоо өтүнүчүн жолдогон. Бирок май айында АКШ далилдер жетишсиз деген жүйөө менен Максим Бакиевге козголгон кылмыш ишти токтоткон болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG