Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Италиянын министрлер кабинети кризиске кабылды


Буга ишемби күнү өкмөттүн курамынан мурдагы премьер-министр Силвио Берлускони башындагы партиянын беш мүчөсү чыкканы себеп болду. Премьер-министр Энрико Летта кризисти Берлусконини өзүнүн бейжай жеке иштерин жаап-жашыруу үчүн уюштурду деп күнөөлөдү. Берлускони орточул Элдик либералдык партиянын мүчөлөрүн өкмөт кошумча нарк салыгын көбөйтүү жөнүндөгү чечимин кайра карабаса, анын курамынан чыгууга чакырган болчу. Эми президент Жоржо Наполитано азыркы өкмөт кала берсин, же кезексиз жаңы шайлоо чакырылсын деп чечиш керек.

Италиянын Жогорку Соту Силвио Берлусконинин салык төлөбөө үчүн көз боёмочулукка барганын тастыктагандан бери улуттук өкмөттөн ырк кетип, шамал айдаган кемедей калдаңдап турган.

XS
SM
MD
LG