Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Водкинс: Британ галереялары Рахмонго сүрөт сатканга даяр


Өзүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жардамчысымын деп атаган орусиялык сүрөтчү бир катар британиялык таанымал галереялар оффшордук зоналардагы банктар аркылуу борбор азиялык лидерге кымбат баадагы көркөм сүрөттөрдү сатууга макул болгон дейт.

Британиянын Sunday Times гезитинин жазышынча, эмгектерин Петро Водкинс деген псевдоним менен тарткан орус сүрөтчүсү Рахмон үчүн жүз миңдеген долларга кытайлык Эй Вейвейдин жана британиялык Дэмьен Херстин сүрөттөрүн сатып алууну сүйлөшкөн.

Водкинстин айтымында, Тажикстандагы адам укугун начар абалы же оффшордук зонадагы банк эсептери аркылуу сатуу көпчүлүк галереяларды кооптондурган эмес. Водкинс өз сүйлөшүүлөрүнүн видеотасмасын интернетке чукул арада жарыяламак болууда.

XS
SM
MD
LG