Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Жогорку Кеңеш судьялардын арызын карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде сотторду коргоо комитетинин кайрылуусу каралат. Анда Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев куугунтукка туш болуп жатканы айтылат.

Буга чейин аталган судьялар “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актоо боюнча чечим чыгарган. Ал эми Жогорку Сот депутаттарды айыптуу деп таап, туура эмес чечим чыгарганы үчүн Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Өткөн аптада Кыргызстандын соттор кеңеши аталган судьяларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча чечим чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG