Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Райондор аралык сотто Акундун арызы каралат


Бүгүн Бишкек райондор аралык сотунда мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыкка сынак жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча арызы каралат.

Бул тууралуу Акун “Азаттыкка” кабарлады. Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында акыйкатчылыктан бошотулган Турсунбек Акун бул чечимди мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Ал 15 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Анын арызын алгач Бишкектин райондор аралык соту, андан соң шаардык соту карап канааттандырган эмес.

Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча чечимин башы ачыла электе сынак жарыяланышын мыйзамсыз деп атоодо. Бирок Жогорку Кеңеш акыйкатчылык кызмат үчүн сынак жарыялап, ушул бейшембиде жаңы акыйкатчыны тандаганы жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG