Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Эки өлкө чек арачылары Ошто жолугат


Үңкүр-Тоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара башчыларынын жолугушуусу бүгүн Ошто өтөт. Анда эки өлкөнүн башкы чек арачылары Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо аймагындагы талаштуу жер боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Андан башка да чек арага байланыштуу маселелер талкууланмакчы. Жолугушуунун жыйынтыктары түштөн кийин жарыяланаарын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” билдирди.

Өзбек чек арачылары 20-сентябрда Үңкүр-Тоо аймагындагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Кыргызстандык чек арачылар барып сүйлөшкөн соң ары жылып кетишкен. 21-сентябрдан тарта ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарууда. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынан бул аймакка кирип келгенине кооптонгон Аксы районунун тургундары 26-сентябрда жыйын өткөрүп, бийликтерге маселени тезинен чечүү талабын коюшкан.

Үңкүр-Тоодо "Кыргызелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Бул жерди Кыргызстан өзүнө тийиштүү деп эсептейт. Ал эми расмий Ташкент ал аймактагы кыргызстандык антенналар мыйзамсыз турат деген пикирде.

Жергиликтүү тургундардын маалыматтары боюнча, талаш аймактагы тоого эки күн мурда өзбек тарап байрагын илип койгон. Бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG