Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:45

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” акциясы өтөт


Бишкекте 1-октябрь – карылардын күнүнө карата “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция болот. Иш-чараны Социалдык өнүктүрүү министрлиги AG Net International эл аралык уюму менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Бишкектеги Эркиндик бульварында өтө турган акциянын алкагында улгайган адамдар токуган, тиккен кийимдер сатыкка коюлат. Шахмат боюнча турнир уюштурулат, аягында концерт тартууланат. Андан сырткары, карылар үйлөрү үчүн кайрымдуулук акциялары да уюштурулат. Түшкөн каражат республиканын аймактарындагы карылар үйлөрүнө жиберилет.

Иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн улгайган кишилердин маселелерине буруу. “Жүрөктөн жүрөккө” акциясы Бишкекте жыл сайын уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG