Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Чек арачылардын жолугушуусуна Мамытов катышкан жок


Бүгүн Ошто өтүшү пландалган кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу эки тараптуу жолугушууга вице-премьер министр Токон Мамытов катышкан жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Мамытов сүйлөшүүлөргө катышат деген маалыматтар тараган болчу.

Аксыдагы Үңкүр-Тоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара башчыларынын жолугушуусу бүгүн Ошто болоору чек ара кызматы тарабынан кабарланган. Жолугушуунун жыйынтыктары түштөн кийин жарыяланарын мекеменин басма сөз катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” билдирди.

Үңкүр-Тоодогу Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. (SE)

XS
SM
MD
LG