Жети күндү ачкачылык акциясынын соң Pussy Riot тобунун түрмөдөгү мүчөсү Надежда Толоконникова ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын күйөөсү Пётр Верзилов кабарлады.
Мордовада эки жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Толоконникова 29-сентябрда түрмөгө жакын ооруканалардын бирине жаткырылган. Верзиловдун айтымында, 26-сентябрдан тарта Толоконниковага адвокаты менен жолугушууга тыюу салынган. Түрмөдөгү кармоо шарттарына нааразычылык иретинде Толоконникова 23-сентябрда ачкачылык жарыялаган. Pussy Riot тобунун мүчөсү 2012-жылдын башында Москвадагы Иса Куткаруучу чиркөөсүндө президент Владимир Путиндин режимине каршы ырдап чыккандыгы үчүн камакка алынган.