Талаштуу Кашмир аймагында зордук-зомбулукту азайтууга Индиянын жана Пакистандын премьер-министрлери макулдашууга жетишти. Нью-Йоркто өткөн Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясынын алкагында Индиянын премьери Манмохан Сингх жана Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф жолугуудан кийин “бул кырдаалды жөнгө салуудагы алгачкы кадам” деп сыпатташты.