Бортунда Европанын коммуникация жандоочусу бар Орусиянын "Протон-М" ракетасы Казакстандагы "Байкоңур" космос бекетинен ийгиликтүү учуп кетти.
Мындан үч ай мурда, 2-июль күнү бортунда 200 миллион долларлык жандоочулары бар башка "Протон-М" ракетасы учуруу убагында жарылып кырсыкка учураган. Ал жарылууда айлана-чөйрөнү уулуу газдар каптаган жана Казакстандагы экологдорду кабатырланткан. "Протон-М" үлгүсүндөгү ракета 2012-жылдын августунда да кырсыкка учураган. Ал ортодо Алматыдагы орус консулдугунун жанында Байкоңурдан ракета учурууга каршы акция өтөөрү маалым болду.