Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эскертти. Ал Орусия АКШдан Сириянын өкмөттүк күчтөрү химиялык курал колдонду деген далилдерди ала электигин баса белгиледи. "Эгер химиялык куралды өкмөттүк күчтөр колдонгондугу тууралуу айкын далилдер болгондо гана Сирияга каршы күч колдонсо болот",- деди Лавров өз сөзүндө.
Москва химиялык куралды козголоңчулар колдонууда деген көз карашты карманып келет. Ал эми Вашингтон зарин газын Сириянын өкмөттүк күчтөрү колдонот деген ишенимде.
Москва химиялык куралды козголоңчулар колдонууда деген көз карашты карманып келет. Ал эми Вашингтон зарин газын Сириянын өкмөттүк күчтөрү колдонот деген ишенимде.