Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Нарында “хизбутчу” делген жаран соттолду

Нарын шаардык соту “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун Нарындагы активдүү мүчөсү делген 37 жаштагы Бакыт Жумадиловду жети жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим 18-сентябрь күнү чыгарылганын бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Жумадилов 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн. Ага “улут аралык, диний, расалык жана аймактар аралык кастыкты козутту”,- деген кине менен сыртынан айып тагылган. Ал быйыл 25-июнда Бишкек шаарынан кармалган. Соттун өкүмү боюнча Жумадилов алдыдагы жети жылды камакта күчөтүлгөн режимде өтөйт.

“Хизб-ут-Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстермисттик уюмдардын бири. (SE)
XS
SM
MD
LG