Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Акунга байланыштуу сот башка күнгө жылды


Турсунбек Акундун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыкка сынак жарыялоо боюнча чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын кароо 18-октябрга жылды. Бишкек райондор аралык сотунда бүгүнкүгө белгиленген отурум айрым документтердин жоктугуна байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Турсунбек Акун өзү маалымдады.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча чечимин мыйзамсыз деп атоодо. Ал ортодо Жогорку Кеңеш акыйкатчылык кызмат үчүн сынак жарыялап, ушул бейшембиде жаңы омбудсменди тандаганы жатат.

Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында акыйкатчылыктан бошотулган Турсунбек Акун бул чечимди мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Ал 16-сентябрдан бери ачкачылык кармап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG