Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн тарта Үңкүр-Тоо аймагында орнотулган бекеттеги өзбек чек арачылары чыгарылат. Мындай жыйынтыкка Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда жетишилди. Андан соң талаштуу аймакты тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланмакчы.
Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосундагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. Өзбек чек арачылары станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Андан соң жанына кыргыз аскерлери жайгаштырылган. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынан бул аймакка кирип келгенинен кооптонгон Аксы районунун тургундары бийликке маселени чечүү талабын коюп, бүгүнкүгө чейин мөөнөт чектеген. (BkA)