Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Үңкүр-Тоодогу станция үч районду байланыш менен камсыздайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Кербен” телесигналдарды таратчу станция 40 жыл мурда орнотулган. Ал Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкына теле, радио толкундарды таратат жана уюлдук байланыш менен камсыз кылат. Эгер бул станция алынса аталган аймактар теле, радио жана уюлдук байланышсыз калаарын Мамлекеттик байланыш агенттигинен эскертүүдө.

Мурда кабарлангандай, өзбек чек арачылары 20-сентябрда Үңкүр-Тоо аймагындагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Алар бул станция талаштуу аймакта турганын жүйөө кылышууда. 21-сентябрдан тарта ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарууда. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынан бул аймакка кирип келгенинен кооптонгон Аксы районунун тургундары бийликке маселени тезинен чечүү талабын коюшкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG