Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Израил Иранга карата санкцияларды албоону суранды


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШны Иранга санцияларды албай турууга чакырды. Нетаньяху Барак Обама менен дүйшөмбүдө жолукту. Андан үч мурун АКШ-Иран ортосундагы алакаларды жандантуу тууралуу акыркы 30 жылдан бери алгач жолу Иран президенти Хасан Роухани Обама менен телефондон баарлашкан.

Нетаньяху менен жолугушууда Барак Обама АКШ Иранга карата санкцияларды азырынча албай тураарын, өзөктүк программадан улам аскерий кийлигишүү да вариант катары сакталарын билдирди. Ошол эле учурда Иран бул сүйлөшүүлөрдө өзөктүк программа боюнча ак ниеттик менен саясат жүргүзүшү керектигин да кошумчалады.

Ал эми Израил АКШ-Иран мамилелерин жакшыртуу аракеттерин Ирандын өзөктүк куралды өндүрүүдө убакыттан утуу айласы катары сыпаттап жатат. Иран мындай дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG