Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:08

Сахаров сыйлыгына талапкерлер белгилүү болду


Дүйшөмбүдө Европарламенттин маалымат кызматы Сахаров сыйлыгына талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялады. Талапкерлер арасында пакистандык жаш активист Малала Юсуфзай, АКШнын жашыруун программасын ашкерелеген Эдвард Сноуден жана беларус саясий туткундары Алес Беляцкий, Эдуард Лобау жана Микола Статкевич бар. Булардынан арасынан Малала Юсуфзай эң башкы талапкер аталууда. Кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн өспүрүм былтыр талибдердин кол салуусунан аман калган. Сахаров сыйлыгы жыл сайын Европа парламенти тарабынан ыйгарылат. Анын жыйынтыгы 10-октябрда чыгарылат.
XS
SM
MD
LG