Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

АКШ: президент бюджетти кабыл алууга үндөдү


АКШ президенти Барак Обама кийинки жылдын бюджети кабыл алынбаса анын экономикалык кесепети олуттуу болорун эскертти. Дүйшөмбүдө демократтар көпчүлүктү түзгөн АКШ Сенаты Өкүлдөр палатасы сунуштаган бюджеттин долбоорун четке каккан. Ага чейин республикачылар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы бюджеттин долбооруна Обама сунуштаган саламаттык сактоо реформасын каржылоону киргизишкен эмес эле.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, бюджеттин долбоорун 1-октябрдан кечиктирбей кабыл алуу керек. Мындан улам Конгресс бүгүн күн аягына чейин мунасага келбесе, көптөгөн федералдык кызматтарга айлык акы төлөө токтотулат. Президент Обама мындай кырдаалда эң зарыл кызматтар иштээрин, бирок көптөгөн мамлекеттик мекемелер ишин токтотоорун тастыктады. АКШдагы экономикалык кырдаалдан улам дүйнөлүк фондулук биржалар төмөндөп кетти. Мындай кырдаал АКШ акыркы 17 жылдан бери алгач ирет жаралып отурат.

XS
SM
MD
LG