Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл округундагы пахта кабыл алуучу пунктта 30-сентябрь кечке маал от тутанып, 300 килограмм пахта күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. От электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.
Пахта тез от алуучу заттардын катарына кирет. Учурда республиканын түштүгүндө пахта терими кызуу жүрүп жатат. (SE)
Пахта тез от алуучу заттардын катарына кирет. Учурда республиканын түштүгүндө пахта терими кызуу жүрүп жатат. (SE)