Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Башкы редактордун орду талаш жаратууда


Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезитинин башкы редакторлук кызматы талаш жаратууда. Гезит жамааты облустук бийлик тарабынан бул кызматка сунушталган Мейманбү Акжоловага каршылык билдирип жатат.

Аталган редакциядан “Азаттыкка” маалымдашкандай, гезит жамааты Акжолованын келишине каршы экендиктерин анын кесиби журналистикага жакын эместиги менен негиздешүүдө. Алар башкы редакторлук кызматка буга чейин ошол гезитте журналист болуп иштеп жүргөн Арстанбек Якубовду көрсөтүп жатышат.

Мейманбү Акжолова буга чейин Жалал-Абад шаардык “Жалал-Абад үнү” гезитинде башкы редактор болуп иштеген. ОшМУнун бизнес-менеджмент факультетин аяктаган.

Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезити 1991-жылдан бери чыгат. Нускасы 2500-4000дин тегерегинде. Буга чейин ал редакцияны Клара Тапкеева башкарып келген. Ал жакында өз каалоосу менен жумуштан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG