Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстанда карылардын 90 пайыздан ашууну жакыр


Кыргызстандагы улгайган кишилердин 92 пайызы жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай тыянак бейөкмөт уюмдар менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында чыгарылган.

Изилдөө натыйжасына ылайык, 4000 сомдон аз пенсия алган жарандар жакырлардын катарына кирет.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча бүгүнтөн тарта пенсия 10 пайызга жогорулап, ар бир жаранга 400 сомдон кошулат.

Учурда Кыргызстанда 579 миң пенсионер бар. Өткөн жылы алардын орточо пенсия өлчөмү 4 192 сомду түзгөн. Пенсия өлчөмүн 10 пайызга көтөрүү үчүн болжол менен кошумча 807 млн. сом талап кылынат. (SE)

XS
SM
MD
LG