Бириккен Улуттар уюму дүйнөдө ачарчылык азайгандыгын билдирүүдө. БУУнун жаңы отчетуна ылайык, бүгүн дүйнөдө сегиз кишинин бири ачарчылыктан жапа чегет.
«Азык-түлүк коопсуздугунун дүйнөдөгү абалы» деп аталган баяндамада айтылгандай, 2011-2013-жылдары ачарчылыктын туткунундагы адамдардын саны 868 миллиондон азайды. Отчетко ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө турмуш деңгээли өсүп, айыл-чарбасында киреше көбөйгөндөн улам, азык-түлүк жетиштүү боло баштады.
Дүйнөдөгү тоё тамак жебеген 300 миллиондой киши Түштүк Азияда жашайт. Бирок Африканын түштүгүндөгү бир катар өлкөлөр ачарчылыктын арааны сүргөн аймак деп саналат: мында дээрлик ар бир төртүнчү киши ачка экендиги маалымдалууда.