28-сентябрда Херсон областынын Цурюпинск районунда коюлган Хан Теңир чокусун элестеткен үч метрлик таш коюлду. Анын бетинде кыргыз жана украин тилдеринде "20-кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык репрессияда айдалып келген күнөөсүз кыргыздардын бейити" деп жазылды.
Виноградово айылындагы эстеликтин ачылышына Херсон областынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен катар, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улугбек Чыналиев катышты.
Жыйынга келген край таануучу Александра Краченко элчиге Херсондо жашаган кыргыз балдардын сүрөттөрүн тапшырып, пенсиясына бул кыргыздар тууралуу китеп жазып жаткандыгын билдирди.
Репрессияларда канча кыргызстандык Украинага айдалып, канчасы каза тапканы так маалым эмес. "Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн алкагында быйыл кабарчы Амирбек Азам уулу бул темада бир катар журналисттик изилдөөлөрдү обого чыгарган.