Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Ооганстанда экс-министр президенттик шайлоого катышат

Мурдагы тышкы иштер министри, бир мезгилде азыркы президент Хамид Карзай менен так талашкан Абдулла Абдулла талапкердигин бүгүн каттоодон өткөргөндүгүн бышыктады.

2009-жылдагы президенттик шайлоодо Карзайдын башкы атаандашы болгон Абдулла өлкөдөгү башкы оппозициячыл топ - Улуттук коалицияны жетектейт.

Төрт жыл мурдагы шайлоодо ал ири коррупциялык айыптоолордон улам талапкердигин алып салган. 6-октябрга белгиленген шайлоого эки мөөнөт иштеген Карзай катыша албайт.
XS
SM
MD
LG