Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Пакистанда исламчылар сүйлөшүүнү колдойт


Суннит медреселерин иштеткен катаң турумдагы исламчыл диниятчылардын биримдиги тараптарды тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого кеңеш беришти.

Вифакул Мадарис деп аталган Исламдык мектептер биримдиги ортодогу тирешти согушка салыштырды. Уюм тараптарды тынчтык сүйлөшүүсү аяктаганга чейин куралдуу тирештен караманча баш тартууга чакырды. Биримдик мындай сүйлөшүүдө арачы болууга даяр экендигин бышыктады.

Кечээ эле Пакистандын коогалуу түндүк-батышындагы машиненин жардыруусунан бери дегенде 42 кишинин өмүрү кыйылды. Андан бир апта мурда Пешавар шаарындагы чиркөөнү бомбалоодо 80ден ашык христиан набыт келген эле. Пешавар чабуулун пакистандык талиптер уюштургандыгын бышыкташкан.

XS
SM
MD
LG