Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

TI: Мектептеги коррупциядан жардылар жапа тартат


Отчетто билим берүүдөгү коррупциядан көбүнчө жардылар жапа тартаары эскертилди. Эл аралык "Транспаренси Интернэшнл" уюмунун жаңы отчетунда коррупция дүйнөдө билим берүү системасына оор залака келтирип жаткандыгы айтылат.

Уюмдун билдиришинче, Жер шарында былтыр беш кишинин бири пара берген. Будапештте бүгүн жарык көргөн документке ылайык, билим алуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө чектелген эң жарды өлкөлөрдө бул көрсөткүч ар бир үчүнчү киши болуп көбөйөт.

Документтин башкы редактору Гарет Суиннейдин айтымында, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгондугунан улам мектеп жетекчилери ата-энелерден мыйзамсыз төлөмдөрдү талап кылышат. Ошону менен билим берүүдө канчалык каражат тартыш болсо, балдарын окутуш үчүн жарды бүлөлөр ошончолук көп чыгымга дуушар болот.

XS
SM
MD
LG