Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Орусия: Айтматовдун туугандары дачадан чыгарылды


Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туугандарын Москванын жанындагы дачасынан соттун чечимине таянып чыгарып салышканын шаар бийликтери билдиришти. Аларды Москванын таанымал Переделкино конушунан чыгаруу августта башталган.

Айтматовдун туугандары бир жыл соттошуп, маркум жазуучу 1988-жылдан бери пайдаланган эки кабат жыгач үйдү сактап калганга аракеттеништи. Москва бийликтери бул имарат эл аралык корго тиешелүү экендигин айтууда. Айтматов 2008-жылы 79 жашында көз жумган эле.

XS
SM
MD
LG