Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Үңкүр-Тоого байланыштуу Аксыда митинг өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучуларынын бири Баатырбек Кыдыев кабарлады. Анын айтымында, район борбору Кербенде өтчү акцияда Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана бул аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы коюлат:

- Өзбекстан өз аскерлерин киргизип, желек илип жатканы тегин эмес. Анткени тоонун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан, мунун башын толугу менен ачышыбыз зарыл. Буга чейинки Оштогу жолугушууда чек ара башчылары эл көзүнө азырынча чыга тургула кийин тактап алабыз деп жатышат. Мындай кылбай, толугу менен маселени чечишибиз зарыл-деп билдирди Кыдыев.

Дал ушундай эле талап менен Бишкектеги Өзбек элчилигинин алдында “Кыргыз Чоролору” бирикмесинин мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөргөнү жатышат. Бирикменин жетекчиси Замирбек Көчөрбаевдин айтымында, Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагына чек арачыларын киргизүү менен Кыргызстандын эгемендигине доо кетирди.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосундагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. Өзбек чек арачылары станцияга жакын жерге бекет орнотушкан. Андан соң жанына кыргыз аскерлери жайгаштырылган. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолуккан. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, бул жолугушууда Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген.(BkA)

XS
SM
MD
LG