Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

АКШ: Обама республикачыларды айыптады

АКШ президенти Барак Обама шейшембиде федералдык өкмөттү каржылоонун токтотулушуна республикачыларды айыптады. Анын айтымында, республикачылар саламаттыкты сактоо реформасына каршы күрөш жүргүзүштү.

Көпчүлүк конгрессмен-республикачылар бардык америкалыктардын медициналык камсыздоо аркылуу дарылануусуна мүмкүндүк берген Оbamacare реформасына караманча каршы. Мурда кабарлангандай, конгресстин эки палатасы улуттук бюджет боюнча бир пикирге келе албагандыктан 1-октябрдан тарта бюджеттен каржылоо убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу бюджеттик ишкана-мекемелерде эмгектенгендерге маяна төлөнбөйт. Ак үй азыр 2 миллиондон ашуун кызматкердин 800 миңдейин ушул айдан тарта акысыз өргүүгө жөнөтмөкчү. Мындай кырдаал АКШда акыркы 17 жылдан бери алгач ирет жаралып отурат.
​
XS
SM
MD
LG