Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Акыйкатчыны шайлоо талаш жаратууда


Парламентте акыйкатчыны шайлоонун так эрежеси аныктала элек. Жогорку Кеңеште болуп жаткан жыйында омбудсменди тандоо боюнча депутаттар бир пикирге келе албай жатышат.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов шайлоо багыты туура эмес тандалганын, депутаттар бир гана талапкерди өткөрүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Бирок ал кайсыл талапкер экенин айткан жок. Буга байланыштуу Абдырахманов акыйкатчылыкка талапкерлерди жыйынга бойкот жарыялап, чыгып кетүүгө үндөдү. Ошондой эле Батукаев маселесинде бир гана Турсунбек Акунду күнөөлүү катары саноо туура эместигин айтты. Жыйын уланып жатат.

Буга чейин акыйкатчылыкка талапкер катары 49 киши арыз берип, парламент алардын программасы менен таанышкан. Талапкерлер арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү, милиция жана прокуратура кызматкерлери бар.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент июнь айында кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна тиешеси бар деп кызматтан бошоткон. Өзүн мыйзамсыз жумуштан кеттим деп эсептеген Акун 16-сентябрдан бери ачкачылык кармап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG