Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

“Кыргыз Чоролору” Каримовго кайрылуу жолдошту


Үңкүр-Тоодогу талашка байланыштуу бүгүн Бишкектеги Өзбекcтандын элчилигинин алдында митинг уюштурган “Кыргыз Чоролору” бирикмесинин мүчөлөрү Каримовго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгарып кетүү жана мамлекеттер аралык достукту, ымаланы сактоо сунушу айтылган. Окуяга көз салган кабарчыбыздын айтымында, алар кайрылууну жана талаптар жазылган плакаттарды элчиликтин эсепчисине тапшырып, тарап кетишти.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция жайгашкан. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолугушту. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, бул жолугушууда Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG