Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Акыйкатчыны шайлоо эрежесин атайын топ карайт


Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо боюнча добуштарды иретке келтирүүнү иштеп чыга турган жаңы эсептөө комиссиясы түзүлдү. Депутаттардан куралган топ добуш берүүнүн эрежелерин ушул жума иштеп чыгат. Буга чейинки түзүлгөн комиссия милдетин аткара алган жок деп бааланды.

Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүнкү отурумда Кыргызстандын акыйкатчысын шайлашы керек болчу. Омбудсменди тандоо парламентте өткөн жумада да талаш маселелерден улам болбой калган.

Акыйкатчынын ордуна 49 кишинин талапкерлиги катталган. Арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү, милиция жана прокуратура кызматкерлери бар.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент июнь айында кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна тиешеси бар деп кызматтан алган. (SE)

XS
SM
MD
LG