Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Аксыдагы нааразылык акциясы токтоду


Митингге чыккандар жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолуккандан соң тарап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” акция уюштуруучуларынын бири Баатыр Кыдыев билдирди.

Бүгүн Кербен шаарында нааразылыкка топтолгондор Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы менен чыгышкан. Акцияга 50дөн ашуун адам катышканы кабарланууда. Алар сунуштар жазылган кайрылууну жергиликтүү бийликке беришти.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция жайгашкан. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолугушту. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, бул жолугушууда Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG