Кытайлык Matrass Maining Croup компаниясы Баткен облусунун аймагында түстүү металлды, анын ичинен алюминийди иштетүү үчүн комбинат курууга 4 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Комбинат ишке түшсө 5 миң киши жумуш менен камсыз болот. Жергиликтүү адистер чет өлкөлөрдөн кайра даярдоодон өтүшөт.
Баткен облусунун өкүлчүгү берген маалыматка ылайык, Зардалек аймагында 5 млрд. тонна алюминийдин запасы бар экени аныкталган. (JsA)