Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Акыйкатчыга добуш берүү аяктады


Жогорку Кеңеште Акыйкатчыны шайлоого карата добуш берүү аяктады. Омбудсмендик кызматка ат салышып жаткан депутаттар Асия Сасыкбаева менен Турсунбай Бакир уулу добуш берүүгө катышкан жок.

Учурда бюллетендер саналып жатат. Эгер 61ден көп добушту бир эле талапкер ала турган болсо, ал акыйкатчы болуп шайланат. Добуштар тең чыгып калса, шайлоонун экинчи айлампасы болот.

Акыйкатчылык орунга 49 адам талапкер болуп катталган. (SE\КЕ)

XS
SM
MD
LG