Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Үңкүр-Тоодон чек ара бекеттери алынды

Аксынын Үңкүр-Тоо аймагынан Өзбекстандын чек ара бекети алынды. Кыргыз тараптын жоокерлери да аймактан кеткенин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Андан соң кыргыз аскерлери да барып жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция жайгашкан. Бул боюнча 30-сентябрда кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолугушту. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, бул жолугушууда Өзбекстан бүгүн кечке чейин аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген.

Бүгүн Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы менен Кербен жана Бишкек шаарларында нааразылык акциялары болду. (SE)
​
XS
SM
MD
LG