Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Аксыдагы Үңкүр-Тоодон чек арачылар кетүүдө


Бул тууралуу Аксы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоодон кетип жатканын жергиликтүү малчылар көргөн:

- Өзбек чек арачылары кетти. Үңкүр-Тоого тушма-туш жайгашкан тоодо мал карап жүргөндөр дүрбү салып, өзбек чек арачылары тоо аркылуу түшүп баратканын көрүшкөн.

Бүгүн кечке маал чек ара кызматы маалымат таратып, саат күндүзгү 3:50дө өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоого 20-сентябрда орноткон чек ара бекетинен кетишкен билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосуна өзбек аскерлери 20-сентябрда келип, бекет орнотушкан. Андан соң кыргыз аскерлери да барып жайгашкан. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станция жайгашкан.

Бүгүн Үңкүр-Тоо аймагындагы өзбек чек арачыларын тез арада чыгаруу жана аймакты тактап, толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабы менен Кербен жана Бишкек шаарларында нааразылык акциялары болду.

XS
SM
MD
LG