Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

АКШ-Ооганстан коопсуздук келишими кечеңдөөдө


Ооган президенти Хамид Карзайдын маалымат катчысы Вашингтон менен Кабул ортосундагы стратегиялык келишим айрым пикир келишпестиктерден улам үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп билдирди.

Келишим АКШ аскерлеринин Ооганстанда 2014-жылдан кийинки макамын жана аракеттерин аныктайт. Аймал Фаизинин айтымында, АКШ терроризмге каршы операцияларды өз алдынча жүргүзүүнү каалайт жана Ооганстанды сырткы агрессиядан коргоого кеңири убадаларды берүүдөн баш тартууда.

Чет өлкөлүк контингенттин басымдуу бөлүгү Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгарылмакчы. Америкалык расмий адамдар коопсуздук келишимин ушул айдын этегине чейин бүтүрүүнү көздөшөт. Сүйлөшүүлөр былтыркы ноябрдан бери жүрүүдө, бирок Карзай ага кол коюуга шашылбастыгын айтып келет.

XS
SM
MD
LG