Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандум талкууланат. Өкмөт өткөн апта сунуштаган меморандумга ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Буга чейин парламенттеги “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары меморандумду Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп четке каккан.(BkA)