Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Орусиянын Ливиядагы элчилигине кол салынды


Мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлиги таратты. Ага ылайык, Ливиянын борбору Триполидеги элчилигине шаршембиде белгисиз адамдар кол салып, имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан.

Министрликтин өкүлүнүн ИТАР-ТАСС агенттигине кабарлашынча, кол салуудан орус дипломаттары жабыркаган эмес. Ага чейин “Ал-Арабия” телеканалы дипломатиялык мекемеде автоматтын атылганы угулуп жатканын кабарлаган. Ал ортодо Ливиянын айрым маалымат агенттиктери кол салуу шейшембиде орус жараны колдуу болгон жергиликтүү офицердин өлүмүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазып чыгышты. Азырынча кол салуунун себептери тактала элек.

XS
SM
MD
LG